www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Маалымат менен Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы №548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Анын негизинде кылмыш-жаза мыйзамдарына мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө, анын ичинде жабырлануучу менен жарашкан учурда кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга багытталган өзгөртүүлөр сунушталууда. Ошондой эле мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн А1 подкатегориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттүү кылуу каралган.
Талкуу маалында депутаттар мопеддердин жана бул транспорт түрүн кеңири пайдаланган курьердик жеткирүү кызматтарынын ишин жөнгө салуу маселелерин көтөрүштү. Ошону менен бирге эл өкүлдөрү мыйзам кабыл алынгандан кийин жаңы талаптар практикада кандай колдонуларына тынчсыздануусун билдирип, анын ишке ашыруу механизмин кылдат иштеп чыгуу керектигин белгилешти. Жаңы нормалар курьердик жеткирүү тармагында иштеген жарандардын жумушсуз калышына алып келбеши керектиги да айтылды.
Муну менен катар депутаттар мопеддердин, скутерлердин жана мотоциклдердин катышуусунда жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүп жаткандыгына көңүл бурушту. Алсак, мопеддерге жана мотоциклдерге мамлекеттик каттоо номерлерин берүү алардын катышуусундагы жол кырсыктарынын жана жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурларынын санын кыскартууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Андан тышкары, жыйында «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоорунун негизги максаты энергиянын кайра жаралуучу булактары секторуна инвестиция тартуу үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү жана өнүктүрүү. Негизги милдети бул объекттер үчүн орнотулган кубаттуулуктун чегин 30дан 50 МВтка чейин жогорулатуу.