www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда соттордун ишмердүүлүгүнө заманбап технологияларды киргизүүгө арналган пресс-брифинг өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — сот адилеттигин ачык жана жеткиликтүү кылууга багытталган санариптик трансформациянын практикалык жыйынтыктарын көрсөтүү болду.

Брифингге Жогорку соттун Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, Жогорку соттун судьясы, сот системасын санариптештирүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Инара Гилязетдинова жана жергиликтүү соттордун судьялары кирген жумушчу топтун мүчөлөрү, Жогорку соттун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, ошондой эле Жогорку соттун Аппарат Жетекчисинин орун басары Аман Джумалиев катышты.

Жолугушууну ачып жатып, Жогорку соттун Төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев технологиялык өзгөрүүлөр үчүн мыйзамдык негизди түзүүнүн маанисин баса белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын сот системасында санариптик трансформациялоо боюнча масштабдуу аракеттер жүргүзүлүүдө. Бул аракеттердин максаты – сот процессинин катышуучулары үчүн да, коомчулук үчүн да мүмкүн болушунча ачык-айкын, болжолдуу, көзөмөлгө алына турган заманбап, технологиялык жактан өнүккөн жана коррупцияга туруктуу сот адилеттигин түзүү.

Албетте аталган иш чаралар тиешелүү техникалык, программалык, кадрлык камсыздоодон тышкары, укуктук базаны түзүүнү талап кылат. Андыктан 2025-жылы колдонуудагы бир катар процессуалдык кодекстерге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык санарип түшүнүктөрдү киргизүү менен катар, тараптардын сот ишине видеоконференцбайланыш режиминде катышууга, соттук отурумдарды телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде трансляциялоого (онлайн трансляциялоого) мүмкүнчүлүк берилип, соттук отурумдарды аудио жана видеожазуу каражаттары аркылуу милдеттүү түрдө фиксациялоо бекитилди», — деп билдирди Нурлан Мусаев.

Брифинг учурунда катышуучулардын көңүлү соттук отурумдарды онлайн-трансляциялоо жаатына бурулду.

« Бүгүнкү күндө сот отурумдарын онлайн-трансляциялоо сот тутуму үчүн практикалык мааниге ээ. Ал сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүп, сот ишмердүүлүгүн коом үчүн түшүнүктүүрөөк кылат.

Ошол эле учурда онлайн-трансляция ар бир иш боюнча автоматтык түрдө жүргүзүлбөй тургандыгын дароо белгилеп кетүү маанилүү. Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдары мындай мүмкүнчүлүктү карайт. А бирок ар бир конкреттүү учурда чечимди судья кабыл алат.

Судья иштин мүнөзүн, процесстин катышуучуларынын укуктарын сактоону, мыйзам менен корголгон сырды ачыкка чыгарбоо талаптарын, ошондой эле иш ачык же жабык сот жыйынында каралып жатканын эске алышы керек.

Айрым учурларда процесстин катышуучулары трансляцияга каршы болушу мүмкүн. Ал эми кээ бир учурларда иштин мүнөзү аны коомчулукка чыгаруу маселесинде өзгөчө этияттыкты талап кылат. Башкача айтканда, трансляция мыйзамды жана процесстин катышуучуларынын укуктарын бузбаган шартта гана жол берилет.

Ошондуктан онлайн-трансляцияларды киргизүү этап-этабы жана салмактуулук менен жүргүзүлүшү керек. Бул жерде техникалык мүмкүнчүлүктөр гана эмес, мыйзам талаптарын так сактоо да маанилүү», — деп кошумчалады Инара Гилязетдинова.

Презентация учурунда Жогорку соттун Аппарат Жетекчисинин орун басары Аман Джумалиев статистикалык маалыматтар менен бөлүштү. Анда соңку айда 67 пландаштырылган трансляциядан 27си гана ишке ашкан, калган 40 трансляция объективдүү процессуалдык себептер менен, анын ичинде тараптардын каршылыктары менен түз эфирде өткөрүлбөй калган.

«Эми сотко кайрылган жарандар сот процесстеринин жүрүшү, судьялардын кесипкөйлүгү жана кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгү боюнча өз пикирлерин маалымат стенддериндеги QR-кодду сканерлөө менен билдире алышат. Бул механизм сот системасынын ачыктыгын жогорулатууга багытталган. Мындан тышкары, жарандар мамлекеттик төлөмдөрдү ыңгайлуу убакта смартфон аркылуу, сотко же банкка жеке келбестен төлөй алышат. Жогорку соттун sot.kg расмий порталында онлайн-калькулятор да ишке киргизилген, ал кайрылуунун категориясына жараша төлөм суммасын өз алдынча эсептөөгө мүмкүндүк берет», - деп белгиледи Аман Джумалиев.

Брифингдин катышуучулары учурдагы этапта сот системасы санариптик продуктуларды иштеп чыгуу жана коштоо боюнча өзүнүн туруктуу түзүмүнүн жоктугунан улам санариптештирүүнүн бардык багыттарын ишке ашырууда чоң көйгөйлөргө туш болуп жаткандыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Брифингдин жыйынтыгында белгиленгендей, санариптик трансформация — бул системалуу өзгөрүү болуп, анын акыркы максаты толук кандуу электрондук сот адилеттигин киргизүү жана жарандардын сот бийлигине болгон ишенимин бекемдөө болуп саналат.

Последние новости