www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошентип Жогорку Кеӊеште КР Президентинин башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү сунуштамасы карап чыгып, бир добуш менен президенттин демилгесин колдоп берди.
-«Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жетишсиз болду. Алар коррупцияга каршы чараларды координациялоонун ордуна жалаӊ статистика менен алектенип калган», - деди президенттин аппарат жетекчиси Муканбеткалый Абылгазиев.
Кызыгы, ЖК депутаттары аткаминерлерди тили жок шайлап, кызматтан кеткенде эч бир мамлекеттик аткаминер ЖК депуттарынын алдында отчет бербей кетет. Алардын катарын Индира Жолдубаева дагы толуктады. Таң калычтуусу, өз учурунда 120 депутат, жалгыз Башкы прокурорго унчуга албай, “тилин тишине кысып олтурушат”. Бүгүн, ЖК айрым эл өкүлдөрүнө аргасыз жылмаюга туура келди, “кеткен адамды жамандайбай эле коёлу”, - дейт байкуштар...
Тилди тарткан жакшы дечи, убагында ачуу чындыкты айта албай “тилин кыскандар” кайсы бети менен Индира айымдын артынан ачуу чындыкты айтат.
Чын эле 120 депутаттан болгону 15 алгылыктуу депутатты араң таппасак, калганы “дудук”. Аман болгула, Зарылбек Рысалиев айткандай: "Бүгүн Жолдубаева келбеди. Буга чейин министр да келбей койгон. Жогорку Кеңештин бүгүнкү кадыр- баркы, имиджи каналицазиядан да төмөн. Мындан ары эмне болот?"- дегени чын эле экен.
Булак: NazarNews.kg