www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Малик Бектургановдун Башкы прокурорлукка талапкерлигин жактырды.

Бектурганов учурда Башкы прокурордун милдетин аткарууда. Ал 1974-жылы 17-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Юридикалык билим алган.

Эмгек жолун прокуратура тармагында 1998-жылы баштаган. Ар кайсы жылдары Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларынын прокуратураларында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

2024-жылдын июнь айынан тарта Башкы прокурордун орун басары, 2026-жылдын февралынан тартып биринчи орун басары болуп иштеген. Июнь айында Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Комитеттин жыйынында депутаттар жаңы Башкы прокурорду жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө чакырышты. Депутат Жылдыз Курманалиева Орусияда Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлчүлүгүн тез арада ачууну сунуштады.

Последние новости