www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште аскердик медицинаны өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү
2026-жылдын 3-июнунда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Райимберди Дуйшенбиев аскердик медицина тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүп, бир катар сунуштарын билдирди.
Эл өкүлү акыркы жылдары өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо багытында олуттуу иштер аткарылганын белгилеп, аскер кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылып, жаңы имараттар курулуп, материалдык-техникалык база бекемделип жатканын айтты.
Анын айтымында, бул аракеттер аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга жана улуттук коопсуздукту күчөтүүгө өбөлгө болууда.
Ошол эле учурда депутат аскердик медициналык камсыздоо тармагы артта калып жатканын белгиледи. Ал өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Мамлекеттик чек ара кызматынын өзүнчө госпиталдары жок экенин айтып, алардын кызматкерлери мамлекеттик ооруканаларда дарыланууга мажбур болуп жатканын билдирди.
Бул жагдай жарандык медициналык мекемелерге кошумча жүк жаратып жатканын да кошумчалады.
Мындан тышкары, Коргоо министрлигине караштуу госпиталдарда орундардын жетишсиздиги да көйгөй жаратып жатканын белгиледи.
Бул маселени чечүү максатында депутат Бишкек, Ош шаарларында жана Тамга айылындагы Коргоо министрлигине караштуу медициналык мекемелердин базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн медициналык камсыздоо борборлорун түзүүнү сунуштады.
Ошондой эле ал заманбап медициналык-лабораториялык жабдууларды сатып алуу, аскер дарыгерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана чет мамлекеттер менен тажрыйба алмашууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Депутаттын айтымында, демилге ишке ашса аскер кызматкерлерине сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүлүп, алардын кызматтык милдеттерин аткаруусуна жакшы шарт түзүлөт жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугу дагы да бекемделет.