www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын делегациясы 2026-жылдын 3–5-апрелинде Ташкент шаарында өткөн «Ishonch» басылмасынын 35 жылдыгына арналган медиафорумга катышты.
Бул форум биринчи жолу өткөрүлүп, эл аралык деңгээлде профсоюздук медиа тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча катары өзгөчөлөндү. Иш-чара заманбап чакырыктар шартында, өзгөчө санариптешүү доорунда, кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу жана жаңылоо маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.
Аталган эл аралык илимий-практикалык конференция Казахстан, Кыргызстан, Таджикистан, Азербайджан, Турция жана Узбекистан мамлекеттеринен келген алдыңкы эксперттерди, медиа адистерди жана профсоюз өкүлдөрүн бириктирди.
Форумдун алкагында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Медиа борборунун жетекчиси Алтынай Жумалиева «Эмгек укуктарын коргоодо профсоюздук медиа платформалардын ролу: Кыргызстандын тажрыйбасы» аттуу баяндама жасады. Ал өз сөзүндө санариптик медианын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу профсоюздардын ишинин ажырагыс бөлүгү болуп калганын, ал эми маалыматтык ачыктык жана ыкчам байланыш кызматкерлердин укуктарын коргоодо маанилүү инструмент экенин белгиледи.
Форумду ачкан Кудратилла Рафиков — Өзбекстан Профсоюздар федерациясынын төрагасы жана Олий Мажлистин Сенатынын мүчөсү — бүгүнкү күндө сөз эркиндиги жана ачыктык аймак өлкөлөрү үчүн стратегиялык багыт болуп калганын баса белгиледи. Анын айтымында, медиа платформалар профсоюздардын коомдогу ролун күчөтүүдө негизги куралдардын бири болуп саналат.
Өзбекстандын Улуттук профборборунун жетекчиси өз сөзүндө «Ishonch» гезитинин тарыхый маанисине токтолуп, 35 жыл ичинде басылма 5 500дөн ашык сан чыгарып, жалпы нускасы 37 миңден ашкан чыныгы профсоюздук брендге айланганын белгиледи.