www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы алакалар талкууланып, анын ичинен Кыргызстан менен Юта штатынын кызматташтыгын өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан көп векторлуу саясат жүргүзүү аркылуу АКШ өңдүү бардык мамлекеттер менен өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: «Соңку жылдары эки тараптуу алакаларды арттырууга багытталган маанилүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, С5+1 форматындагы жолугушуулар да уюштурулуп келет. Биз кызматташтыкты дагы тереңдетип, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурабыз», - деди. 

Ошону менен катар февраль айында Бишкек шаарында уюштурулган B5+1 форматындагы экономикалык форум ийгиликтүү өткөнүн эске салган Төрага соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү үчүн ушундай иш-чараларды байма-бай өткөрүү керектигин кошумчалады. 

Мындан тышкары, парламенттер аралык мамилелерди чыңдоо учур талабы экенин айткан Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште АКШ менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу түзүлгөнүн белгилеп, ушундай эле достук тобун АКШнын Конгрессинде да түзүүнү сунуш кылды. 

«Бул механизм туруктуу диалогду камсыздоого көмөкчү болуп, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга чоң түрткү берет», - деди Төрага. 

Жолугушууда виза маселесине байланышкан жагдайлар тууралуу да пикирин айткан Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасын визалык депозит талап кылынган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарууну же финансылык депозиттин суммасын төмөндөтүүнү, ошондой эле 10 жылга виза берүү тажрыйбасын кайрадан калыбына келтирүүнү өтүндү. 

Андан сырткары, Стюарт Адамс баштаган делегация мүчөлөрүн быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды. 

Өз кезегинде Юта штатынын Сенатынын Төрагасы Стюарт Адамс жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрагага ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын кооз табиятына жана элинин меймандостугуна суктанып жатканын баса белгиледи.

Муну менен катар Юта штатынын өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз кылып, аталган аймак АКШдагы эң өнүккөн штаттардын бири экенин кошумчалады.

«Биз дагы Кыргызстан менен бардык багыттарда тыгыз иш алып барып, өз ара байланышты чыңдоого кызыкдарбыз. Сиз көтөргөн маселелерди эске алып, виза шарттарын жеңилдетүү жаатындагы жагдайга жардам берүүгө аракет кылабыз» – деди Стюарт Адамс. 

Ал эми делегация мүчөсү Джози Макги Юта штатында кыргыздын көк бөрү оюнуна кызыккандар көп экенин айтып, быйылкы Көчмөндөр оюнуна атайын команда келерин маалымдады. 

Тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо багытындагы демилгелерин да ортого салышып, аталган багыттагы долбоорлор тууралуу ой бөлүштү. 

 

Последние новости