www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар Чолпон Эсенаманова менен Бактыбек Чойбеков Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда шаардагы социалдык, инфраструктуралык жана экологиялык маселелер көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланды.

Атап айтсак, Кара-Балта – Сары-Булак унаа жолун оңдоп-түзөө иштерин тездетүү, ички көчөлөрдөгү ирригациялык жана дренаждык тутумдардын абалын жакшыртуу, калааны жашылдандыруу жана газдаштыруу маселелери каралды.

Ошондой эле аймакта абанын булганышы калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратып жатканын айткан шаардык кеңештин депутаттары көйгөйдүн негизги себептери таштанды полигону, спирт заводу, «Джунда» жана «Азия Сталь» ишканаларынан чыккан зыяндуу заттар экенин белгилешип, ишти көзөмөлгө алууну өтүнүштү.

Муну менен катар Кожомбердиев көчөсүнөн Пограничная көчөсүнө чейин темир жолду жээктей тосулган тосмолор Фрунзе көчөсүн толугу менен жаап калгандыктан, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаралганын кошумчалашты.

Эл өкүлдөрү айтылган маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп, аларды чечүү боюнча тийиштүү министрликтер менен иш алып барарын билдиришти. Мындан тышкары Кара-Балта шаарындагы бир катар көйгөйлөр Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, учурда зарыл болгон чаралар көрүлүп жатканын да маалымдашты.

Последние новости