www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк–Түштүк жолуна көчкү түшүп, жол жабылды

Бүгүн, саат 15:30 чамасында Түндүк – Түштүк  альтернативдик унаа жолунун 241,5 чакырымында тоо көчкүсү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеринде №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. 

Ушу тапта инженердик техникалар тартылып, жолду ыкчам тазалоо иштери башталды. Кошумча маалымат берилет. 

Министрлик айдоочуларды сак болууга жана унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоого чакырат. 

 

 

Последние новости