www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Жерүй" алтын кенинде экологиялык нормалардын мыйзам чегинде сакталышын камсыз кылуу максатында "Альянс Алтын"компаниясы КР Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте курулуш иштери жүрүүчү аймактагы кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдү, жаныбарларды коопсуз аймактарга көчүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Биздин колубуздагы гүл "Остров жоогазыны" деп аталып, өтө сейрек кездешкен, кызыл китепке кирген гүл болуп эсептелет. Бүгүн буйруса ушул гүлдөрдү Улуттук академиянын Биологиялык топурактарды изилдөө институтунун илимий кызматкерлери менен башка коопсуз жайларга көчүрүү иштерин баштадык. Буйруса Альянс Алтын компаниясы Жерүйдү  иштетүүдө мыйзам боюнча баардык экологиялык нормаларды сактайт. Бул тууралуу пикирин кесиптешибиз Данияр Жаныкулов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

-Ошондо, ошол тоодо жайгашкан баардык гүлдөрдү башка жакка көчүрүп, жаныбарларды, курт-кумурскага чейин "пош-поштоп" айдап башка тарапка көчүрөбү? - деген  мындай пикирге Данияр Жаныкулов, "Окумуштууларда баардык жолдору бар экен. Мен өзүм да көп нерсеге таң калып жүрөм. Бирок биздин мыйзамдарда бар экен баардыгы. А биз мыйзамдагы көрсөтүлгөндөрдү аткарууга милдеттүүбүз", - деди.

Кыргызстанга, кыргыз элине пайдасы тийбеген алтындын жер астында жата бергени жакшыбы? Алсак Кумтөрдүн канчалаган алтыны сыртка чыгып кетсе, дүйнө жүзүнө белгилүү "Кazakmys Gold Kyrgyzstanдан", "КAZ mineralsка" айланган ири компания иштетип жаткан  "Бозымчак" тоо кенинин алтыны кайда жана кайсыл тарапка чыгып кетип жатканы тууралуу такталган кеңири макала беребиз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости