www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин 2-апрелдеги жыйынында жергиликтүү кеңештердин төрагасына айлык берүүнү караган мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окууда жактырылды.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү сунуштагандардын бири, парламент депутаты Замирбек Мамасадыков жергиликтүү кеңештердин төрагасына төлөнүүчү айлык боюнча түшүндүрмө берди.

“Азыркы редакцияда калкынын саны 20 001ден кем эмес айылдык кеңештердин төрагаларына айлык төлөнөт, ал эми калкынын саны 20 001ден төмөн айылдык кеңештин төрагалары коомдук башталышта иштешет жана сессия өткөргөн маалда бир жолку кенемте алышат. Ошентип, калкынын саны 20 миңге жетпеген 409 айылдык кеңештин жана 10 шаардык кеңештин төрагалары айлык албайт. Айыл аймагындагы калкынын санына карабастан бардык жергиликтүү кеңештердин төрагаларына айлык чектеп берүү сунушталууда”, - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, өлкө боюнча 484 жергиликтүү кеңеште 8722 депутат бар.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы кол койгон “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, район акимдеринин ыйгарым укуктары күчөтүлгөн. Муну менен катар райондук кеңештер түзүлөрү маалымдалган.

2022-жылы сентябрда Кыргызстанда райондук кеңештерди түзүү тууралуу жарлыктын долбоору даярдалган. Ага ылайык, өлкөдөгү 40 райондо 1 297 депутат шайланары көрсөтүлгөн. Баштапкы план боюнча райондук кеңештер 2023-жылы уюшулмак. Бул боюнча Министрлер кабинети мыйзам долбоорун сунуштаган.

Былтыркы жылдын башында Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар сын-пикирлерден кийин мыйзам долбоору күн тартибинен алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости