www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Ош, Кара-Суу, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Токтогул жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

• Ош шаардык кеңешинин депутаты Эргешов Алымбек Калмурзаевичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыров Канатбек Сапарбаевичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

• Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаты Бостонов Нургазы Алымжановичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кудайбергенов Нуржигит Имамбековичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

• Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Кармышов Нурболот Тимурлановичтин (“Таза-Булак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абылов Элнур Шакирбековичке (“Таза-Булак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

• Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Тотобаев Марс Анарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Үмөталиев Темурлан Мурсатбековичке (“Тынчтык” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

• Тоң районунун Б. Мамбетов айылдык кеңешинин депутаты Борбашов Урматбек Керезбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Последние новости