www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев “ал иштеп турганда мэриянын карызы 12 млрд сомго жеткени” тууралуу маалыматтарды четке какты. Ал 9-мартта “Азаттыкка” берген маегинде Ошко бөлүнгөн каражат тууралуу да маалымат берди.

Ал Ошко мэр болуп дайындалганга чейин Мамыров, Амир-Тимур, Көкүм бий көчөлөрүн оӊдоого 586 млн сом бөлүнгөн. Ал кызматка киришкенден кийин 2 млрд 200 млн сом бөлүнгөнүн, ага бир катар көчөлөр оӊдолуп, Ошто баш-аягы 100 чакырымга жакын жолго асфальт төшөлгөнүн айтты. Жеңишбек Токторбаев анын ичинен 70 км жолго асфальт төшөө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланганын кошумчалады.

“Мэрияны карызга батырып кетиптир” деген доомат калп. Муниципалдык капиталдык курулуштан подрядчы компанияларга 750 млн сом, Шаардык жол куруу ишканасында 1 млрд 500 млн сомдун тегерегинде карыз бар. Жалпы шаарда аткарылган иштер боюнча подрядчы ишканаларга 2 млрд 300 млн сомдун тегерегинде карыз бар”, - деди ал.

Последние новости