www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италияда жашап, кыргыздын атын дүйнөгө таанытып келе жаткан опера ырчысы, Лучано Паваротти атындагы Pavarotti d'Oro сыйлыгынын ээси Жеңиш Ысманов Жогорку Кеңешке талапкер Мураталы Керимбаевди колдоорун айтып, алыстан салам жолдоду.

«Мураталы — адилеттикти сүйгөн инсан»

— Мураталы менин досум. Анын башкалардан айырмасы — аруулукту, адилеттикти, калыстыкты, теңдикти сүйгөнүндө. Чынын айтсам, Мураталы эч качан бийлик же байлык үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп келет. Ушундай асыл максат коюп депутаттыкка аттанып жатканы — анын жоопкерчиликтен качпаганын билдирет. Демек, ал ишмердүүлүктүн майданында талбай иштеп, Жогорку Кеңештин тарыхында өз изин калтырат,  — дейт Ысманов.

— Мураталы мырзанын башка талапкерлерден айырмасы кандай?

— Башка талапкерлер менен Мураталынын айырмасы өтө чоң, кашкайып көрүнүп турбайбы? Эл ансыз деле эскилерден тажап, үн катпагандарга башын чайкап бүттү. Эми жаңы муун, жаш талапкер катары Аксы, Чаткал, Ала-Бука эли Мураталыны колдоп, эл өкүлү кылып шайлап алса, калктын үнүн жеткирүүдө Мураталы алардын демине дем, күчүнө күч болуп бере алат. Андыктан бардык жергиликтүү тургундарды жаш талапкерди колдоп, шайлап алышын суранат элем.

— Мураталы мырзанын программасы менен тааныштыңызбы?

— Албетте. «7 кадам» программасы чынында өтө элге жакын жана пайдалуу. Мисалы, анын программасында камтылган Кыргызстанды өнүктүрүүнүн эң туура багыттарынын бири — билим берүү тармагына инвестиция салуу. Кыргыз жараны билимдүү, интеллектуалдык деңгээли бийик болсо, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуусу — сабаттуулук мамлекеттин бакубат болушунун көрсөткүчү экенин баса белгилегени өтө ынанымдуу.

Видео тасмалардан көрүп аттым: мына ушул маанилүү жагдайды Аксы, Чаткал жана Ала-Бука райондорун камтыган 15-округдан Жогорку Кеңешке талапкер Мураталы Керимбаев өз программасына киргизип, эл менен жолугушууларында келечек муундун билимдүү болуш зарылдыгын баса белгилеп, бир катар маселелерди чечүүнүн жолдорун айтты.

Алсак, бул туурасында:

— «Балдарыбыз дүйнө менен тең тайлашсын десек, билим берүү дүйнөлүк деңгээлге чыгышы керек! Балдардын келечеги бүгүнкү билимге көз каранды. Китеп жок, мугалим жетишпейт, шарт начар. Биз мугалимди барктап, айлыгын көтөрөбүз. Ар бир жашка сапаттуу билим, стипендия, IT жана тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн түзөбүз. Айылдагы мектептерди заманбап шартка жеткиребиз! Сапаттуу билим — миграцияны токтотот, ишсиздикти азайтат, элди өнүктүрөт. Билимдүү жаш — күчтүү Кыргызстандын уюткусу!» — деп, билим берүү тармагына өзгөчө олуттуу реформа керектигине басым коюп жатканын билдирди.

Ырасында, билим берүүнүн сапатын көтөрүп, жаңы моделге өткөрүү — күндүн күрөө тамыры экени талашсыз чындык.

— Маегиңизге чоң рахмат. Бар болуңуз. Италиялык кесиптештериңизге бизден салам айтыңыз.

— Эске сала кетсек, атактуу опера ырчысы Италиянын Милан шаарында “Ла Скала” театрында эмгектенет.

Мураталы Керимбаев – 15-округ, бюллетенде № 1

Татыктуу тандоо!

Колдоп добуш бериңиздер!

Буйрутма КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына № 15 көп мандаттуу Аксы шайлоо округунан талапкер Керимбаев Мураталы Топчубаевичтин шайлоо фондунан каржыланды.

Буйрутма №: 01

Нуска: 08

Последние новости