www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын жетекчилигине байланыштуу коомчулукта талкуу жараткан маалыматтар пайда болду. Айрым булактар билдиргендей, Жеңиш Токторбаевге карата жакынкы күндөрү кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарынын алкагында камак чарасы каралышы мүмкүн экени айтылууда.

Маалыматтарга ылайык, сөз Ош шаарындагы муниципалдык башкаруу чечимдерине байланышкан бир катар маселелер тууралуу жүрүүдө. Атап айтканда, шаар бюджетине жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кабыл алынган чечимдер, насыя алуу максатында айрым ишканаларды күрөөгө коюу фактылары, ошондой эле курулуш тармагындагы иштер боюнча мыйзамдуулук маселелери текшерүүгө алынганы кабарланууда.

Мындан тышкары, Ош шаарында мамлекеттик ипотекалык турак жайлар жайгашкан аймактардагы курулуш иштерине байланыштуу талаштуу жагдайлар, айрым объекттерди бузуу чечимдеринин мыйзамдуулугу жана ишкерлер менен болгон эсеп-кысап маселелери боюнча да укуктук баа берилери айтылууда. Бул фактылар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан териштирүү жүргүзүлүп жатканы каңкууланды.

Ошентип Жеңиш Токторбаев колу менен жасаганын, мойну менен тартканы калды. Дегенибиз, буздуруп, сүрдүрүп, бүлүндүрүп, Ош шаары атасынан менчикке калган мурастай талкалады.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, чукул арада кылмыш иши козголуп, камалышы мүмкүн. Мыйзамдын укуругу узун деген ушул.

Последние новости