www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары Момбеков Бактылуу Аскар уулу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Түркмөнстан боюнча Регионалдык директору Айтен Рустамова айым менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу, ошондой эле жол инфраструктурасынын коопсуздугун жана сапатын жакшыртуу үчүн маанилүү болгон Кара-Балта – Чалдовар автомобиль жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Долбоордун учурдагы абалына, координациялоо маселелерине жана анын  натыйжалуу ишке ашыруу  кадамдарына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле жолугушууга Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Делегациясынын башчысы Реми Дюфло мырза жана Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Файе мырза катышты. Катышуучулар туруктуу жана коопсуз транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

Последние новости