www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында 2019 жылы курчуп кеткен чыр-чатак учурунда бардык көө ал учурдагы  вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун мойнуна жүктөлгөн. Асанов өкүл баласы Бейшенбеков менен биригип вице-премьер Жеңиш Разаковдун анын үстүнөн негативдүү материалдарды чогулткан. Ошондон улам вице-премьер Жеңиш Разаковдун жүктөлгөн кызматынан кеткен.

Дайыма жеңиш менен жүрчү Жеңиш Разаков Беткен облусунун губернатору болуп турганда Кыргызстанга тиешелүү жерди Тажикстанга мыйзамсыз өткөрүп жибергени тууралуу видеорепортаж интернет булактарына чыккан. Анда айылдын тургундары Жеңиш Разаковду «шпион» деп, элди алдаган деп нааразы болушкан. Баткен эли баатыр эл, кылымдарды карыткан, бир карыш жер бербейт эле, Жеңиш Разаковго окшогон шылуундар элди куураткан. Алсак, Разаков Баткен облусуна губернатор болуп турганда, Көк-Таш айылынын төмөнкү участогу Тажикстан тарапка белгисиз, табышмактуу жагдайлар менен өтүп кеткен. 

Мындан сырткары “Ак-Чечек” участогунун 26 миң гектар жери дагы коңшу өлкөгө өткөнү белгилүү болду. Ал эми аймактагы жашоочулар дагы Тажикстанга “жерлерибиз өтүп кетеби же ушуну менен токтойбу? -деген күмөн ойлор түйшөлтөт. Атайын чыгармачыл топ айылдагы жашоочулардун пикирин угуп, айтылган эл арасындагы имиштерди тактоо иретинде изилдеп көргөн. 
Буга чейин 2020-жылдын 8-май күнү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, ал айылдагы бир үй толук өрттөнүп кеткен. УКМКнын төрагасы ошол учурда барып, Камчыбек Ташиев жарандык милдетин аткарып өрттөнүп кеткен үйдү бүтүрүп берген. Тилекке каршы үйдүн тосмосунун арты Тажикстанга карайт. Бул жерде буга чейин кыргыздар жашап келген. Тилекке каршы Жеңиш Разаков губернатор болуп турганда айыл тургундарын алдап көчүрүп, Тажикстанга жерди сатып жибергенин айтышат. Учурда карапайым эл ата-бабаларынан калган жерди бөтөн элге берип салган Жеңиш Разаковго нааразы. Эл арасында аны “алдамчы”, “шпион” тактап айтканда «тыңчы» катары эсептешет”- дейт кабарчы. 

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков  24-февралга чейин №1 тергөө абагына камалган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Разаков парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын ырастаган. Анын жактоочусу Айбек Өмүров буга негиз жок экенин айткан: "Бул иш козголбош керек болчу. Анткени дал ушул сумма боюнча Жеңиш Разаков Биринчи май райондук милициясына кайрылган, иш козголгон. Ал жерде Разаков жабырлануучу деп табылган. Ал жакта ушул эле сумма боюнча башка айыпталуучу бар, ага издөө жарыяланган. Жабырлануучу болгонуна карабай ушул эле сумма боюнча башка арыз жазылып, аны камап жатышат. Бул сумма башка кишиден алынган сумма болчу. Жеңиш Разаков Буркановдон акча алган деп айтылып жатат. Бирок андан алган эмес, башка кишиден андан чоңураак сумма алган. Ал сумманы кайтарып берип, 1 миллионун Мирлан Бекитаев деген киши алып изин жашырып кеткен. Бул боюнча арыз 2022-жылы мартта берилген. Ошондо Разаков бирөөдөн ушул сумманы карызга алат. Ал Буркановдун акчасы экенин берген киши айткан эмес. 2022-жылы эле Буркановдун дагы акчасы болгону билинип жатат. Акча 2017-жылы алынган болчу", - деген жактоочу.

Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында Көк-Таш айылынын тургуну президентке мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков ал жердеги жерлерди мыйзамсыз бергенин айткан. Бул тууралуу видео соцтармактарга тарап, эл ичинде талкууга алынган. «Разаков вице-премьер болуп турганда аталган айылга барып, чогулуш кылган. Жыйынга келген тургундарды «сен ушул айылда жашайсыңбы же жокпу?» деп катуу текшерген.

Видеодон: «Чогулуштарда кыргыздардын жерин тажиктердики, башка жерге алмаштырабыз деп, элди коркутуп, кол койдурткан. «Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз Жеңиш Разаковду жоопко тартасызбы? Эч ким эч кандай чара көрбөй жатат», — деп айтканын көрүүгө болот. Ал эми буга Садыр Жапаров: «Баткендеги жерлер боюнча Жеңиш Разаковго тиешелүү документтерди карайм. Кагаздарын карай элекмин. Силерде документтер барбы, ошолорду алдырып карайм, анан жообун сиздерге берем», – деген жообун берген. Эске салсак, Жеңиш Разаков 2018-2020-жылдары вице-премьер-министрлик кызматта иштеген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости