www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 18-апрелде Анталия шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жыйындын жүрүшүндө регионалдык жана глобалдык актуалдуу маселелер, ошондой эле ТМУ+ форматындагы өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жыйындын жүрүшүндө Кулубаев Жакынкы Чыгыш аймагындагы чыңалуунун күчөшүнө олуттуу тынчсыздануусун билдирип, кризистин кесепеттери анын географиялык чектеринен тышкары чыгып, аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук-логистикалык жана экономикалык өз ара аракеттенүүгө терс таасирин тийгизип жаткандыгын баса белгиледи.

Министр учурдагы чыр-чатактарды эл аралык укукка негизделген тынчтык, саясий-дипломатиялык каражаттар аркылуу гана чечүүгө чакырып, тараптар өз ара кабыл алына турган чечимдерге жетишет деген үмүтүн билдирди.

Ошондой эле ТМУнун мамлекет башчыларынын Казакстанда боло турган бейформал саммитин даярдоого жана өткөрүүгө, ошондой эле уюмдун ишинин регламентине өзгөчө көңүл бурулду.

Последние новости