www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-июнда Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Федералдык тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырастап, саясий диалогду активдүү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөө максатында ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Жолугушууда соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Жээнбек Кулубаев Европа Биримдигинин санкциялык саясатына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, мындай чектөөлөр Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык туруктуулугу үчүн тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Ал Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин так аткаруу менен бирге санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө багытында Европа Биримдиги менен ачык жана конструктивдүү диалогду колдой турганын айтты.
Өз кезегинде тараптар тең укуктуу жана ишенимдүү өнөктөштүк жалпы максаттарга жетүүнүн эң натыйжалуу жолу экенин белгилешти.
Мындан тышкары, министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, БУУ, ЕККУ жана Европа Биримдиги сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө жана көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.