www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери тарабынан транспорт каражатын мас абалында башкарган айдоочу токтотулган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жасалма экени аныкталган. Айдоочунун айтымында, ал бул күбөлүктү кайсы жерде жана кандай шартта алганын эстей алган эмес.
Бул факты боюнча айдоочуга карата укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү. Унаа айып короого коюлуп, айдоочунун өзү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБине тиешелүү чараларды көрүү үчүн жеткирилди.
Бишкек шаарынын МККБсы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Мас абалында унаа башкарган айдоочулар — коом үчүн олуттуу коркунуч.