www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жасалма доллар сатуу каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Милицияга жасалма 50 миң доллар сатуу үчүн сатып алуучуларды издеп жаткан адам тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан «Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун тургуну 2003-жылы туулган Э.Ж. кармалган.

Далил катары андан жасалма 400 доллар алынган. Алынган купюралар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Белгиленгендей, жасалма акчалар чет өлкөлөрдөн алынып келинген.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости