www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир нече кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келе жаткан, "Кайрымдуу бол" фондунун жетекчиси Азамат Байматов шаар жүргүнчүлөрүнө "акысыз" шарт түзүп берет. Бул тууралуу маалыматты Дана Абдыбекова билдирди.
"Бишкек шаарынын тургундары, 31-май РАМАЗАН айынын 15-күнү «Кайрымдуулук KYH» деп, белгиленип, Кыргызымдын «ЭР АЗАМАТЫ» Азамат Байматов, шаар жүргүнчүлөрүнө жакшы шарт түзүп берип жатат. 31-май күнү эртең мененки саат 8:00 дөн баштап 16:00 го чейин шаардын 148-кичиавтобус (маршрутка) коомдук транспорттору, жүргүнчүлөрдү, Арча-Бешик, Джал, Политех, Азия Мол, Ош базар, Кудайберген, Ала Тоо ж/к каттамдары аркылуу, акысыз тактап айтканда бекер ташуу акциясын жүргүзөт.
Бул акцияны уюштуруп, чыгымдарын мойнуна алган Кыргыздын кайдыгер карабай, «Мүмкүнчүлүк бар кезде колдон келишинче кайрымдуулук кылабыз» -деген атуулдарына ыраазычылык, деген пикирин билдирди, Дана Абдыбекова.
Булак: NazarNews.kg