www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 20-февралында ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп, анда Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөдө иштөөгө уруксаттарды берүү, узартуу жана жокко чыгаруу маселелери талкууланды.
Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңунун өлкөлөрүндө иштөөгө уруксат берүү, узартуу жана жокко чыгаруу боюнча арыздар каралды. Комиссия 28 компания боюнча чечим чыгарып, алардын көпчүлүгүнө бир жылдык мөөнөткө рынокко чыгууга уруксат берилди.
Түркияга жумушчуларды жөнөтүүгө «Камелотт», «Флай Джоб» жана «Прайм Тревел» агенттиктерине уруксат берилди. Германияга жумушка жөнөтүү иштерин «Скилл Вэй Консалтинг» жана «Аслан Жобагентур 1» компаниялары жүргүзөт.
«Медиа Центр» жана «ИЛЦ» агенттиктери кошумча шарттар менен лицензия алышты, алар белгиленген мөөнөт ичинде бул талаптарды аткарууга милдеттүү.
Словакияга жарандарды жөнөтүүчү «Азия КейДжи Консалт» жана «Консалтинговая компания Евразия» компанияларынын колдонуудагы уруксаттары узартылды. «Ворк Тайм Консалтинг» компаниясынын Бириккен Араб Эмираттарына, Катарга жана Кувейтке жөнөтүү боюнча уруксаты да узартылды.
«Тугезе Рекрутмент» компаниясына жарандарды Хорватияга жумушка жөнөтүү үчүн лицензия берүү өтүнүчү четке кагылды.
Комиссия белгилегендей, чечимдер кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана уруксат берүүдө мыйзамдарды сактоо максатында кабыл алынууда.