www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 18-декабрында министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов Жапониянын Тейкё университетинин профессору, археолог Казуя Ямаучи жана Кыргыз Республикасындагы JICA уюмунун эксперти Йодзи Сакакибара менен жолугушту.
Жолугушууда Чүй облусундагы Ак-Бешим (Суяб) шаарчасынын аймагында Кыргыз Республикасы менен Жапониянын колдоосу аркылуу жүргүзүлүп жаткан археологиялык иштер талкууланды. Казуя Ямаучи бул аймакта изилдене элек казылуучу жайлар көп экенин белгилеп, маанилүү археологиялык табылгалар табылышы мүмкүн экенин айтты. Ал эми Йодзи Сакакибара Ак-Бешим дүйнөлүк мурас катары өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, келечекте археологиялык парк түзүү зарылдыгын билдирди.
Министрдин орун басары Ак-Бешим шаарчасы кыргыз эли үчүн да, дүйнөлүк коомчулук үчүн да баалуу тарыхый эстелик экенин белгилеп, археология багытында адистердин жетишсиздигин айтып өттү. Бул багытта жапон тажрыйбасын колдонуу менен кадрларды даярдоо боюнча кызматташуу макулдашылды. Жапон тарап мындан ары да тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.