www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапониянын министрлер кабинетинин катчысы Есихиде Суга «Рэйва» доору башталарын жарыялады.
Жапонияда жаңы император такка отургандан кийин башталчу кийинки доордун аталышы расмий жарыяланды. Министрлер кабинетинин катчысы Есихиде Суга азыркы император, 85 жаштагы Акихито ушул айдын аягында тактысын уулу Нарухитого өткөрүп берерин билдирди.
Жаңы доор «Рэйва» деп аталат, анын мааниси «иреттүүлүк жана бейкутчулук» деп чечмеленет. Жаңы доордун аталышы Жапонияда эң маанилүү окуя жана чоң шаан-шөкөт менен коштолот.
Жапон жылнаамасы жаңы императордун тактыга отурушу менен башталат. Маселен, быйылкы жыл Хэйсэй доорунун 30-жылы. Акихито өлкө башына келгенде Хэйсей доору башталган. Ал тактыдан кетерин эки жыл мурун жарыялаган.
Жаңы император Нарухито 59 жашта, ал Жапониянын 126-императору болуп калмакчы.
Булак: NazarNews.kg