www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылы мамлекет тарабынан Ош облусуна бөлүнгөн 8 миллиард 543 миллион сомдук каражат аймактын өнүгүүсүнө олуттуу дем берди. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргендей, бул сумма 357 объектке жумшалып, жергиликтүү бюджетке кошумча 1 миллиард 329,2 миллион сом трансферт каралган. Жалпысынан республикалык бюджеттен дээрлик 11 миллиард сомдун агымы болду. Мындай көлөмдөгү колдоо мурда болуп көрбөгөндөй масштаб катары бааланууда.
Бул каражаттар Ош шаарына мэр болуп келген Жеңиш Токторбаевдин тушунда каралып, шаар инфраструктурасын жаңылоого, жолдорду кеңейтүүгө, эски курулуштарды бузуп, жаңысын салууга өбөлгө түздү. Анын иш стили чечкиндүүлүгү менен айырмаланып, артында саясий колдоо турганы ачык айтылып жүрдү. Айрыкча УКМКнын мурдагы төрагасы, досу Камчыбек Ташиев сыяктуу таасирдүү фигуранын колдоосу демөөрчүлөрдү тартууда жана ири долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү роль ойногону жашыруун эмес.
Эми тизгин Жанар Акаевге өттү. Бирок кырдаал мурдагыдай эмес. Быйыл андай көлөмдөгү каржылык агым каралган жок. Демек, жаңы мэр үчүн шарт да, мүмкүнчүлүк да башкача. Ал эми коомчулуктун күткөнү мурункудай динамика, көзгө көрүнгөн жыйынтык. Демек, жаңы келген мэр Жанар Акаевге кызматтан кеткен Токторбаевдей жыйынтык көрсөтүү оор болот.
Аны туурап көчө кыдырганы анчейин окшошпойт. Себеби көчө кыдырып, эл менен жолугушуу өткөрүү менен эле чектелбестен, социалдык көйгөйлөрдү чечип, инфраструктурага чыныгы өзгөрүү алып келе аларын далилдеши керек. Эгер мурда өзү сындап жүргөндөй, сөз менен ишти айкалыштырып натыйжа көрсөтө албаса, “оозу менен орок оргон” аткаминерлердин катарын толуктап калуу коркунучу бар. Бир сөз менен айтканда аброюна көлөкө түшөт.
Ток этерин айтсак, Ош мэрлиги Жанар Акаев үчүн чоң сыноо. Саясий карьерасы аксайт, же жаңы баскычка секирик жасалат. Баарын убакыт жана иштин натыйжасы чечет.