www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанга келген памирлик кыргыздарга өкмөт тарабынан көңүл бурулбай жатканын айтып чыкты. Акаев мындан улам эки үй-бүлө Памирге кайра кетүүгө камынып жатканын билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

- Нарындан Куланак айылынан жер бөлүп берүүсү каралган экен. Бирок азыр бир топ маселелер боюнча өкмөттүн көңүл буруусу токтоп калыптыр. Нарындын элинин жылуу тосуп алганына ыраазы экен. Бирок жер маселеси чечилбей жатыптыр. Жакында эки үй-бүлө кетүүгө камынып жатат. Анда бүтүндөй өлкө уят болобуз, - деди депутат.

Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 30дан ашыгы учурда Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүп жатышат. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүүдө. Алар Кыргызстан менен Ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алуу үчүн убактылуу келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости