www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине үстүбүздөгү айда салыктын эсебинен кошумча 160 млн сом түшкөн.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаев билдирди.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун чечими менен салыктын эки түрү — бирдиктүү жана сатуудан алынуучу салык Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинде калтырылган.

Мэрдин айтымында, түшкөн кошумча каражаттар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталууда.

Атап айтканда, каражаттар жолдорду оңдоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана шаардык чөйрөнү жакшыртууга жумшалат.

Жанар Акаев ишкерлерге кайрылып, көмүскө экономиканы кыскартууга, ишкердикти мыйзамдуу жүргүзүүгө жана салыктарды өз убагында төлөөгө чакырды.

«Салык — шаардын өнүгүүсүнө түздөн-түз салым.

Түшкөн каражаттар жолдорду, инфраструктураны жана шаардык чөйрөнү жакшыртууга жумшалат», — деди мэр.

Последние новости