www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчету угулуп жатат. Жыйында депутат Жанар Акаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге сунуш берди.

“Карайбыз, көрөбүз деген жоопторго эл ишенбейт. Бишкектин тегерек чети бүт бензин контрабандасына толуп кетти. Жакында контрабандисттер Ак үйгө келип депутаттарга да бензин сатканы калды. Эксперттердин айтымында аткезчиликтен улам бир жылда 5 млрд. сомдой каражат бюджетке түшпөй калып жатат.

Сиз Антимонополиянын, Финполициянын жектечилерин кызматтан бошотуп, кийинки жеткечилерге катуу талап коюшуңуз керек. Аткара албаса, аларды жумуштан алуу зарыл. Бюджетти толтуруунун жолун таппай жатабыз. Мына ушул жол менен толтурса болот.  Булардын отчетунда 4 айда 22 контрабандалык факты болуптур, бул туура эмес. Күнүнө түшкө чейин эле ушунча факты катталат.

Кылган иштериңиздин ичинде мугалимдердин айлыктарын көтөрүү, коопсуз шаар сыяктуу жакшы иш-аракеттериңиз да бар. Бирок күч органдарына карата ишеним жок. Туура, отчетуңузду окудук. Саакашвилиден кийинки реформатордун отчетундай эле көрүнгөнү менен сырттагы көрүнүш башка”, -деди депутат Акаев.

Ал эми депутат Улукбек Ормонов сындоо оңой болгону менен иш-аракет кыйын экенин белгилеп, пост тууралуу маселени көтөрдү.

Булак: NazarNews.org

Последние новости