www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 10-11-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин иш планына ылайык, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан билим берүү мекемелеринин 2026-2027-жылдарга карата жаңы окуу жылына даярдыгы жана коопсуздук шарттары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган текшерүү иштерине Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитетинин техникалык инспектору А.Мамажунусов жана уюштуруу иштери боюнча адиси А.Чирмашева катышты.
Анда мониторингдин жүрүшүндө төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулду:
-Оңдоп-түзөө иштеринин аткарылышы;
-Эмгекти коргоо жана коопсуздуе техникасынын эрежелеринин сакталышы;
-Окуу кабинеттеринин, имараттардын жана чектеш аймактардын даярдыгы;
-Санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышы.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан айрым маселелер боюнча тиешелүү сунуштамалар берилип, даярдык иштерин коюлган графикке ылайык убагында бүткөрүү керектигин баса белгиленди.Берилген маалыматка ылайык,толук аяктоо иштери 1-сентябрда сонуңа чыгат.