www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери эрте никеге турган 69 учур катталды. Бул тууралуу бүгүн облус аймагындагы үй-бүлөлүк зомбулук жана эрте никеге туруу маселелерине арналган талкууда айтылды.
Жыйынга президенттин өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын жетекчилеринин орун басарлары, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, саламаттыкты сактоо мекемелеринин, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын башчылары, дин өкүлдөрү, башка район, шаарлардын тийиштүү кызматкерлери онлайн тартипте катышты.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйындын күн тартибинде облустагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана эрте никеге туруу маселелерине байланышкан иштердин абалы талкууланды.
Облус аймагында эрте никеге туруу боюнча катталган учурларга байланыштуу бир катар жетекчилерге суроолор берилди. Аталган көрүнүштүн алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжалуулугу жана кетирилген кемчиликтер талданып, тиешелүү мекемелердин жоопкерчилиги белгиленди. Мында 5 ай аралыгында Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарында былтыркы жылга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулуктун көрсөткүчү жогорулаганы айтылды.
Урматбек Самаев жыйында көтөрүлгөн маселелер боюнча аймактык жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берип, кетирилген кемчиликтерди жоюу, алдын алуу иш-чараларын күчөтүү тапшырмасы коюлду. Жетекчилерге бул маселелерди жеке көзөмөлүнө алуу милдеттендирилди.