www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда төрөткөнү үчүн акча алган дарыгер иштен четтетилди

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Жалал-Абад облусунун тургуну кайрылып, төрөт үйүндө орой мамилеге, акча талап кылууга жана шалаакылыкка туш болгонун айтып даттанган. Бул тууралуу омбудсмендин басма сөз кызматы кабарлады.

Даттанган келин быйыл 23-февралда Жалал-Абад облустук ооруканасына толгоосу кармап барганын, төрөт бөлүмүнүн Э.К. аттуу акушери аны кагып-силкип, өз милдетин талаптагыдай аткарбаганын билдирген.

"Арызда аял көз жарары менен акушер анын жолдошуна чыгып, сүйүнчү сурап, акчаны башка бирөөнүн номуруна котортуп алганы жазылган", - деп билдирди омбудсмен.

Жыйынтыгында акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү акушерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуштап, аймактык үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчисине кайрылган. Андан тышкары, ооруканада мыйзамсыз акча талап кылуу жана жарандардын укугун бузган көрүнүштөргө бөгөт коюуга чакырган.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы аталган мекемеде кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, акушер Э.К. жумуштан четтетилгенин, ал эми төрөт үйүнүн эки дарыгерине бейтаптардан акча алганы үчүн сөгүш жарыялаганын акыйкатчыга 20-майда маалымадаган.

 

Последние новости