www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында Кадыржан Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болгон борбордук базарлардын бири мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Шабдалы-Зар» соода-базар комплексинин баасы 412 млн сомдон жогору бааланган.

«Териштирүүнүн жүрүшүндө «Шабдалы-Зар» соода-базар комплекси жайгашкан жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, 1994-жылы «Дустлик» ААК менен аффилирленген жеке компанияга бөлүнүп берилген. Ал жердеги акциялардын контролдук пакетинин 85%ы Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун мурдагы лидери Кадыржан Батыровго таандык болгон. Кыргызстандын Жер кодексине ылайык, мэриянын жер тилкелерин бөлүп берүүгө укугу жок болгон, анткени мындай укукка Эл депутаттарынын шаардык совети (шаардык кеңеш) ээ болгон. Жыйынтыктап айтканда, Кадыржан Батыровго базардын жер тилкеси мыйзамсыз сатылган. Азыркы учурда базар комплекси Жалал-Абад мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кадыржан Батыров улут аралык араздашууну козутуп, 2010-жылы Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган. Батыров 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда көз жумганы айтылып келет.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости