www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-майда Еревандын борборуна Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган митингге бир нече миң адам катышты. Буга Азербайжан менен чек араны делимитациялоо себеп болгон.

Келишимди АКШ, Европа Биримдиги жана Пашинян өзү да кубатташкан, ал эми армян оппозициясы аны аталган айылдардан эч кандай кепилдик албай туруп баш тартууда деп айыптоодо.

Еревандын борбордук аянтында чогулган миңдеген тарапташтары алдында архиепископ Баграт Галстанян Пашинянга кызматтан кетүүсүнө бир саат убакыт берилерин билдирди.

30-апрелде армян парламентиндеги отурумда өкмөттү колдогон депутаттар 52 жаштагы архиепископ Галстанянды орусиялык тыңчы деп атап, аны Азербайжан менен мамиленин кайрадан чыңалышын козутууда деп айыпташкан.

Пашинян чек ара боюнча мындай келишим коңшу Азербайжандын аскердик агрессиясына жол бербөө үчүн зарыл экенин айткан.

Соңку отуз жылда эки өлкө Советтер Союзу урагандан кийин этникалык армяндар отурукташкан анклавга айланган жана Азербайжандын аймагы деп эл аралык деңгээлде таанылган Тоолуу Карабак боюнча үч жолу согушту, бул окуялар адам өлүмү менен коштолуп келди.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр быйыл жыл башында башталган.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости