www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда бала бакчадан өрт чыкты

Жалал-Абад шаарында бала бакчадан өрт чыгып, 32 бала эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алишер Навои көчөсүндөгү жеке бакчанын ашканасынан өрт чыкканы тууралуу маалымат саат 11:48де түшкөн.

"Өрттү өчүрүүгө шаардан эки бөлүм тартылып, бакчадагы 32 бала куткаруучулар тарабынан эвакуцияланып, газ баллондор коопсуз аймакка чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.

Өрт жалмаган аймактын жалпы аянты 120 чарчы метрди түзгөнү кошумчаланды.

Последние новости