www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эпизотияга каршы жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарын, жапырт ууланууларын жана анын таркап кетишинин алдын алуу максатындагы иш аракеттер күчөтүлөт.

Бул багытта Жалал-Абад шаарынын аймагындагы менчигинин түрүнө карабай мал союлуучу жайларда түшүндүрүү иштери жүрдү. Ага шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев жана тийиштүү тармактардын адистеринин катышуусунда аталган жайлардын санитардык тазалыгы, белгиленген эрежелердин сакталышы каралды.

Жеринде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн алкагында кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилип, ал белгиленген убакытка чейин аткарылбаса мыйзам чегиндеги чаралар көрүлөрүн белгилешти.

Алдыда калкты ар кандай жугуштуу оорулардан сактоо, ден соолугуна кам көрүү максатында жер-жерлерде түшүндүрүү иштери улантылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости