www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ күнү Жогорку Соттун алдында абакта жаткан Текебаев менен Жапаровдун анчалык көп эмес жактоочулары тынчтык митингине чыгышты. Буга чейин белгилүү болгондой 23-апрелде эки саясатчынын иши Жогорку Сотто каралмак. Сот карады. Бирок жактоочулар күтүп жаткандай чечимди чыгара койгон жок. Жапаровдун иши 30-апрелге жылдырылса, Текебаев менен Чотоновдун иши 3-майга жылдырылды. Кыязы, Жээнбековго алардын жактоочулары канча үмүт артышканы менен, сот акелер аларды жакын арада чыгара коюшпайт. Неге дегенде президент бул маселени али бышыра элек окшобойбу. Анын үстүнө ажо Текебаевди азыр чыгара салганда деле, өзүнө ак кызмат кылып бербесин түшүнүп, түйшөлүп турат. Чиркешович эч кимге кызмат кылбаган саясатчы эмес, ал ортодо туруп алып эки тарапты тең сого берет.
Булак: Багыт