www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу дүйнөлүк мунай рыногунда туруксуздук жаратып, анын кыйыр таасири Кыргызстанга да жетиши мүмкүн. Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн ОПЕК уюмунун маалыматына ылайык, акыркы бир жума ичинде мунайдын дүйнөлүк баасы 16% өсүп, баррели 70 доллардан 81 долларга чейин жогорулады. Талдоочулар жаңжал улана берсе, мунайдын баасы 100 доллардан ашышы ыктымал экенин эскертишет.

Кыргызстан мунай керектөөсүнүн 90 пайыздан ашыгын сырттан импорттойт. Негизги жеткирүү Орусия менен Казакстанга тиешелүү. Ошондуктан өлкө Жакынкы Чыгыштан түз мунай албаса да, эл аралык рыноктогу баанын өсүшү ички рынокко сөзсүз таасир этет. Экономисттердин айтымында, күйүүчү майдын кымбатташы транспорт, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармактары аркылуу жалпы инфляциянын өсүшүнө алып келет.

Кырдаал АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясынан кийин курчуду. Жооп иретинде Тегеран Израилге жана АКШнын аймактагы базаларына ракеталык сокку урган. Ошондой эле Иран Перс булуңундагы стратегиялык маанилүү Ормуз кысыгын жаап, бул аймак аркылуу мунай ташуу дээрлик токтоду.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетикалык соодадагы эң маанилүү жолдордун бири. Бул коридор аркылуу күн сайын болжол менен 20 миллион баррел мунай өтөт жана дүйнөлүк мунай экспортунун да бештен бир бөлүгү ушул жерден ташылат. Кысыктын жабылышы менен жүздөгөн танкерлер токтоп, Азия жана Европа базарларында жеткирүү чынжырлары үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Эксперттердин баамында, бул кризистен эң оболу мунай импорттоочулар Кытай, Индия жана Евробиримдик өлкөлөрү жабыркайт. Эгер мунай кымбаттаса, өндүрүш чыгымдары өсүп, дүйнөлүк товарлардын баасы жогорулайт. Бул жагдай Кытайдан товарларды көп импорттогон Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө да кошумча инфляциялык басым жаратат.

Адистер бул кырдаал Кыргызстан үчүн экономиканы диверсификациялоо жана импортко көз карандылыкты азайтуу зарылдыгын дагы бир жолу көрсөтүп жатканын белгилешет. Өлкөнүн экономикасы көбүнчө импортко таянган “сатып алуучу модель” бойдон калып, өндүрүш сектору жетиштүү деңгээлде өнүкпөй келет.

Эгер Жакынкы Чыгыштагы жаңжал узакка созулса, дүйнөлүк мунай рыногундагы туруксуздук Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасына, инфляцияга жана жалпы экономикалык абалга олуттуу таасир этиши мүмкүн.

Последние новости