www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-25-апрелде Талас облусунда, Оштун Кара-Суу районунда жана Баткендин Кызыл-Кыя шаарында "Коопсуздук-2024" машыгуусу өтө турганын Коргоо министрлиги маалымдады.

Аталган иш-чара "Аскердик абал шартында мамлекеттик жана аскердик башкаруу органдарынын күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну уюштура билүүсү" деген темада болорун айтышты.

Ага Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары, Талас, Ош жана Баткен облустарынын мамлекеттик органдарынын жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, ИИМдин, ӨКМдин жана УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ушул облустардын резервдик түзүлүштөрү катышары билдиришти.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости