www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Ак шоола" саунасында жашыруун сойкулук жайын уюштурууга шектелип администратору кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган сауна буга чейин мыйзамсыз иштетилип жаткандыгы үчүн жабылган. Рейд учурунда сауна кайрадан ачылып, ал жайда сойкукана уюштурулгандыгы аныкталды. Ага шектүү катары Өзгөн районунда туулган 28 жаштагы аял кармалды.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 167-берененин негизинде ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") тергөө иштери башталды.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости