www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн районунун прокуратурасы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүү учурунда бала бакчанын жетекчилиги К.Б. аттуу жарандын кабары жок эле анын паспортун пайдаланып, жумушка орношкон катары жасалма каттоодон өткөргөн. Алар жарандын атына ай сайын эмгек акы жазып, бирок ал каражатты чөнтөктөрүнө салып келишкен.

Бул "көмүскө схеманын" айынан К.Б. аттуу жаран расмий түрдө кирешеси бар адам катары базага түшүп калган. Мындан улам анын төрт жаш баласына берилүүчү "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун төлөө негизсиз токтотулган. Натыйжада, муктаж үй-бүлө мамлекеттик колдоодон ажыраган.

Аталган факт боюнча "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери уланууда.

Последние новости