www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунда мыйзамсыз курулуш жана жер тилкесин өз билемдик менен пайдалануу фактысы аныкталып, жооптуу тарапка 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүү Өзгөн райондук прокуратурасынын катынын негизинде уюштурулган.
Анын жүрүшүндө Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Лесхоз айылында Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан Бишкек–Ош унаа жолунун 631,55-чакырымында оор жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөө үчүн тараза пункту убактылуу орнотулганы аныкталган.
Ошондой эле объекттин жанына тиешелүү укук күбөлөндүрүүчү документтери жок контейнерлер коюлуп, жер тилкеси өз алдынча кеңейтилип пайдаланылганы белгилүү болгон.
Аталган мыйзам бузуу боюнча акт түзүлүп, жазуу түрүндөгү көрсөтмө берилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренесине ылайык жер тилкесин өз билемдик менен кеңейтип, курулуш жүргүзгөндүгү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Маалыматка ылайык, учурда мыйзамсыз пайдаланылган жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.