www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөн районунда мал союучу жайдан чыккан кан калдыктары каналга агызылып жаткандыгы тууралуу маалыматтан кийин тиешелүү көзөмөл иштери жүргүзүлдү.
Маалыматты тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча региондук инспекторлору жеринде текшерүү жүргүзүштү.
Көзөмөлдүн жүрүшүндө Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагындагы мал союучу жайдын эски имаратында мал союу иштери жүргүзүлүп келгени аныкталган. Ошондой эле имараттагы септик толуп калгандыктан, кан калдыктары сыртка агып чыккандыгы белгилүү болгон.
Жыйынтыгында аталган эски мал союучу жайдын ишмердүүлүгү токтотулуп, имарат жабылды. Мындан ары мал союу иштери ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык жаңы курулган жайда жүргүзүлөрү боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы мал союучу жайлардын ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык иштөөсүн камсыз кылуу боюнча көзөмөл иштерин улантат.