www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, улуттук парктардын жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга 20 жылга тыюу салуу сунушталды.

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, мораторий киргизилсе, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чек арасын өзгөртүүгө, алардын аянтын азайтууга же коргоо макамын төмөндөтүүгө жол берилбейт.

Мыйзам долбоорунда өзгөчө учурлар да каралган.

Алардын катарына жаратылыш аймактарын кеңейтүү, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, ошондой эле Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен мамлекеттик коопсуздук жана коргонуу муктаждыктарына байланышкан жагдайлар кирет.

Долбоордун негизги максаты — Кыргызстандын жаратылыш мурастарын сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана экосистемалардын туруктуулугун камсыз кылуу.

Последние новости