www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Ачык кабинет: Жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында мамлекеттик органдардын арасында биринчи орунду ээледи.
Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Министр Канатбек Чыныбаев министрликтин ишмердүүлүгүн объективдүү жана кеңири чагылдырган журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады.
Сыйлоо аземинде министр ЖМК өкүлдөрүнө кесипкөйлүгү, ыкчамдыгы жана куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр менен ӨКМ кызматкерлеринин күнүмдүк ишин коомчулукка жеткирүүдөгү салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, маалымат каражаттары менен ачык кызматташуу жарандарга министрликтин ишмердүүлүгү тууралуу так маалымат алып, мамлекеттик кызматка болгон ишенимди арттырууга өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө министрликтин ачыктыгын камсыздоого жана анын ишин объективдүү чагылдырууга салым кошкон журналисттерге ыраазычылык каттар, ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды.
Ошондой эле «Ачык кабинет: Жоопкерчилик аймагы» долбоорун ишке ашырууга салым кошкон ӨКМ кызматкерлери да ведомстволук сыйлыктар менен белгиленди.