www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленскийге басым күчөдү

Украинанын мурунку энергетика министри Герман Галущенконун кармалышы өлкө ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде да кызуу талкуу жаратты. Айрым медиа каражаттар бул окуяны Киевге карата Вашингтондун саясий басымы менен байланыштырууда.

"Страна.ua" басылмасы жазгандай, Галущенко Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн алдында жана президент Владимир Зеленскийдин Мюнхендеги Донбасстан баш тартпай турганын билдирген катуу позициясынан кийин кармалган. Басылма муну Зеленскийге карата “сигнал” болушу мүмкүн деп боолголойт. РИА Новости да бул маалыматты таратты.

Ал эми Financial Times бул окуяны Зеленскийдин кеңсесин солкулдаткан ири коррупциялык иштин уландысы катары баалады. Басылманын маалыматына ылайык, Батыш өлкөлөрү Украинага ири көлөмдө каржылык жардам көрсөтүп жаткан шартта мындай жаңжалдар өнөктөштөрдү тынчсыздандырууда. Ошондой эле Киев Евробиримдикке мүчө болууга умтулуп жатканы белгиленет.

Украинанын Улуттук антикоррупциялык бюросу (НАБУ) 15-февралда Герман Галущенконун коррупция иши боюнча чек арадан өтүп бара жаткан учурда кармалганын билдирген. Буга чейин, 10-ноябрда, НАБУ энергетика тармагында масштабдуу операция жүргүзүп, чет элдик валюта салынган баштыктардын сүрөттөрүн жарыялаган.

Бул иштин алкагында бир катар жогорку кызмат адамдары жана ишкерлерге айып тагылган. Алардын арасында ишкер Тимур Мендич, мурунку вице-премьер Алексей Чернышев жана башка аткаминерлер бар экени айтылган. Жогорку Рада да окуядан кийин энергетика тармагындагы кадрдык өзгөрүүлөргө барган.

Последние новости