www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский 18-августта Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугат. Бул тууралуу 16-августта Украинанын президенти өзүнүн Telegram каналында билдирди.

«Конфликтти жөнгө салуу боюнча бардык деталдарды дүйшөмбү күнү Вашингтондо президент Трамп менен талкуулайм. Чакыруу үчүн ыраазымын»,- деп жазды Зеленский Трамп жана европалык лидерлер менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин.

Ал сүйлөшүү бир жарым саатка созулганын жана мазмундуу болгонун кошумчалады. Анын айтымында, Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүнүн негизги пункттарын баяндап берген.

«Биз Трамптын Украина, Америка, Россия үч тараптуу жолугушуусу боюнча сунушун колдойбуз. Украина баса белгилейт: негизги маселелер лидерлердин деңгээлинде талкууланышы мүмкүн жана үч тараптуу формат бул үчүн ылайыктуу», - деди Зеленский.

Последние новости