www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Юрист Таттуубубу Эргешбаева КР Президенти Садыр Жапаровго аялдарды жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо боюнча демилгеси тууралуу сунушун билдирип, өлүм жазасын кайра киргизүү сунушуна байланыштуу бир нече жагдайды эске алууну өтүндү.
Урматтуу Садыр Нургожоевич,
Сиздин аялдарды жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо боюнча демилгелериңизди колдойм жана бул багыттагы аракеттерди өлкө үчүн маанилүү жана керектүү кадам деп эсептейм. Бирок өлүм жазасын кайра киргизүү сунушуна байланыштуу бир нече жагдайды урматтоо менен эске алууну өтүнөм.
Акыркы жылдардагы кайгылуу окуялар жана коркунучтуу статистика балдарга карата зомбулук жана адам өлтүрүүлөр олуттуу көйгөй бойдон калып жатканын көрсөтүүдө. Бирок бул көрүнүштөрдүн негизги себептери социалдык-экономикалык шарттарга байланыштуу. Көп балдар ата-энелеринин көзөмөлүнөн сыртта калууда, үй-бүлөлөр жетиштүү колдоого ээ эмес жана мамлекеттик коргоо механизмдери толук кандуу иштебейт.
Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Бул документ өлүм жазасын толук жоюуну талап кылат жана андан четтөөгө же баш тартууга жол бербейт. Ошондуктан өлүм жазасын кайра киргизүү эл аралык милдеттенмелерге жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келет. Ошондой эле маселенин негизги түйүнү өлүм жазасынын жоктугунда эмес, сот адилеттигине болгон ишенимдин төмөндүгүндө жана тергөө менен сот системасынын сапатында.
КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы да муну тастыктайт:
- Беларусия өлүм жазасын колдонуп келет, бирок эл аралык келишимдерге кошулган эмес;
- Россияда өлүм жазасы мыйзамда сакталган, бирок Конституциялык соттун чечимдерине ылайык мөөнөтсүз мораторий киргизилген;
- Казакстан 2021-жылы өлүм жазасын толук жойгон жана эл аралык келишимдерге кошулган;
- Тажикстан 2004-жылдан бери мораторий киргизип, өлүм жазасынын ордуна өмүр бою эркинен ажыратууну колдонуп келет;
- Өзбекстан жана Түркмөнстан өлүм жазасын толук жоюп, бул норманы мыйзамдарында жана Конституциясында бекемдешкен;
- Армения, Азербайжан жана Молдова да өлүм жазасын четке кагып, эл аралык милдеттенмелерди толук аткарышкан.
Бул тажрыйба көрсөткөндөй, региондогу жалпы багыт өлүм жазасын алып салуу же мораторий аркылуу чектөө болуп саналат.
Ушул жагдайларды эске алуу менен төмөнкү сунуштар маанилүү деп эсептейм. Өлүм жазасын кайра киргизүүдөн көрө өмүр бою эркинен ажыратууну күчөтүү жана өзгөчө режим шарттарында колдонуу зарыл. Ошол эле учурда абакта кармалгандар үчүн билим берүү жана эмгекке тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү. Бул аларга социалдык көндүмдөрүн жакшыртууга жана оңдолууга шарт түзөт. Ошондой эле кыздар жана аялдар милиция менен тез жана ишенимдүү байланышууга мүмкүнчүлүк алган цифралык механизмдерди күчөтүү зарыл. Мисалы, “сигнал тревоги” сыяктуу системалар бар болсо да, алар толук кандуу иштебей жатат. Бул системаны өркүндөтүп, заманбап технологиялар аркылуу ишенимдүү коргоо механизмдерин түзүү маанилүү.
Мындай комплексдүү чаралар кылмыштардын алдын алууга, сот жана тергөө системасына ишенимди жогорулатууга, үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоого жардам берет. Кыргызстан Сиздин жетекчилигиңизде эл аралык милдеттенмелерди сактап, Конституциянын принциптерин бекем кармап, коомду жана балдарды ар тараптуу коргоо багытында иш алып барарына ишенем,- билдирди юрист Таттуубубу Эргешбаева.