www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЮНИСЕФ: Дүйнөдө 230 млн кыз-келин

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнөдө аялдарды "сүннөткө отургузуу" жосуну тууралуу баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Жер шарында "сүннөткө отургузулган" 230 миллиондой аял бар. Ден соолукка залалдуу бул процедура көбүнесе Азия жана Африка элдеринин маданиятында кездешет.

Бул боюнча аталган уюмдун мурдагы баяндамасы 2016-жылы жарыяланган. Соңку сегиз жылда мындай жосундун курмандыгы болгон кыз-келиндердин саны 30 миллионго өскөн.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел AP маалымат агенттигине бул көйгөй менен күрөшүү жай жүрүп жатканын айтып, акыркы жылдары кыздарды эрте жашынан, беш жашка чыга элегинде эле буга мажбурлаган учурлар болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Агенттик бул жосундун географиясы кулач жайбаганы менен мурдатан болуп келген аймактарда курмандыктардын саны өскөнү байкалганын жазды.

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы бул боюнча маселе көтөрүп, тиешелүү мекемелерден маалымат сураган. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда бул процедурага тыюу салынганын билдирген. Мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдө мындай көйгөй жоктугун айткан. Адистер мурда кийин так аныкталган учурлар да жоктугун билдиришкен.

Аялдарды "сүннөткө отургузуу" (клиторидэктомия) - клиторду шылып таштоо Африка жана Азия өлкөлөрүндө кездешет. Алар муну "кызды жаман жолдон, бузулуп кетүүдөн сактоо" аракети катары түшүндүрөт. Медиктер мунун кесепети оор экенин айтып, кээде өлүмгө, тукумсуздукка жеткире турганын айтып келишет.

Последние новости