www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Ыргалай эже, учурдагы Кыргызстандагы саясый күрөш кандай болуп жатат?

--Учурдагы Саясый көз караш, жемкордукка күрөш аябай актуалдуу болуп жатат. Канча жылдан бери балык депутаттар, өздөрүнүн эл алдындагы мамлекет алдындага жоопкерчилигин актады деп эсептеймин. Айрыкча саясатчылардан Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Мыктыбек Абдылдаев, Алмамбет Шыкмамтов, депутат айымдардан Аида Касмалиева, Айсулуу Мамашева айымдардын жемкордукка карата ошондой эле элдин көйгөйүн чечүүдөгү көтөрүп чыккан маселеси элдин ыраазы кылып жатат. Өзүңүздөргө маалым болгондой, мурдаг канча жолу депуттык комиссия түзүлсө дагы анын жыйынтыгына эл ыраазы болбой калчу. Бул дагы ошол элдин өкүлдөрүнүн мекенчилдигинин далили катары эсептесе болот. Мен алыска барбайын Икрамжан Илмиянов инибиз менен Аскарбек Шадиевдин өлкөгө келтирген олуттуу зыяндары жөнүндө айткым келет. Илминяов 2010-жылдан бери Ажо Алмазбек Атамбаевден өтүп байыганы аз келгенсип, элди кордоп уруу-урууга бөлүп, элдин көзүнө илбей тайраңдап талтаңдады. Эл шайлаган акимдерди  ар кандай жол менен кызматтан алуунун аракетин жасап, акырында ал максаты ишке ашпай өзү бузукучулукка жиберген адамдары Кудай алдында каргышка калды, аны мен айтпасам дагы баары билет. Мен чоң кетирген кемчилдиктерин айта албаймын бирок, Лейлек районун Баул мектебин курардагы тендерден жеңип алган фирманын жетекчисин, мектепти канчалык сапаттуу бүткөрсө дагы көтөн зордук менен буткөн полдорду сыйрытып, красакалатып, жыйынтыгында баардык мүлкү жок болуп, млндон ашык аласасын төлөтүп бердирпей койд. Ушул адилеттүүлүкпү? Сумбула айыл өкмөтүнүн Көк-Таш деген айылына суу чыгарып бердим деп, барып анын лентасын кесип, көз боемочулук кылып, Илмиянов ал жерге жетип жете электе суусу чыкпай калды. “Көчмөндөр” оюнунда өзү кызматка койгон кошоматчыларынын аркасы менен Лейлек менен Баткендин жетекчилерине кысымчылык көрсөтүп, ар ьир барган адамды куугунтуктап, өзүнүн өкүмзарлыгын көрсөттү. Кудай бар экен, өзү кордогон элдин астына чыга албай, бети күйүп качып жүрөт. Сабатсыз, өмурундө жетекчилик кызматта иштебеген адамдын жасаганы ушундай болмок. Бул нерсени мен эмне үчүн айтып жатам, азыркы бийликтегилер сабатсыз, билимсиз, тажрыйбасыз кадрлардан арылышы керек. Керек болсо азыркы бийлик, пол жуугучуна чейин тазалабаса, баягы эле акыр менен чикир улана берет. Канчалаган кош-кош кызыл диплом менен билимдүү жаштар көчөдө жумуш таппай жүрөт.  Эми Шадиевди алсак, бир дагы өз элине алгылыктуу колдоо көрсөткөнүн көргөнүбүз жок. Байлыктарынын тизмеси чыккан маалыматты карап туруп аял башым менен мен уялып кеттим. Бул боюнча 2005-жылы “Аалам” гезитине “Өпкө көптүрбөй жүр өкүл бала”, деген макалам туура жазылган экен деп билдим. Мен ошондо эле мен Шадиевдин жемкор экенин ачык билип, жарыялаган экенмин. Бл бизге билинген гана маалыматтар, билинбегени канча, ойлоп көрсөк жемкорлукка маалынбаган бир дагы тармак жок экен. Ошондуктан биз жарандык активисттер биригип, көмүскөдөгү Өкмөт же Элдик көзөмөл түзүүнү чечтик. Ар бир тамакта комиссия түзүлүп, текшерип көзмөл кылуу керек. Анткени эл көзмөл кылбаса эч качан жемкордуктун алдын алып күрөшүү болбойт экен.

--Учур калк арасында жаңы президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу кандай ой пикирлер айтылууда?

--Жээнбеков тууралуу жакшы пикирилер айтылып жатат. Бирок, президентке жардам берейин деген тажрыйбасы мол, адамдардын демилгесин кабыл алдырбай ошолордун үнүн жеткирбей жатат. Жээнбек ТЭЦ боюнча шектүүлөрдү тез-тез камашы керек болчу. Мына айрымдары качып кетишти.

-- Сиз карапайым калк арасында көп жүрөсүз? Эл арасында Алмазбек Атамбаев “кайрадан бийликти тартып алам”, деген сөз тарады. Ушул айтылып жүргөн сөздөр чынбы?

--Ооба айтылып жүргөнү чын. “1 000 сомдон беребиз, кыйкырып туруп бергиле, бир-эки саат десе”, “10 миң сомдон бергиле 2 саатка кыйкырбай унчукпай туруп беребиз” деп, Атамбаевдин айылдаштары айтып келди. Ошондуктан биздин “Жаңы Доор” деген элдик курултайды колдоп жүргөн кыймыл Ажо менен жолугушуп, аларга каршы көрсөтмө берип, Сооронбай Жээнбековду колдоо көрсөтөбүз деп 3 йдан бери жолугуша албай жатабыз. Тез арада жолугушса азыркы президентке чоң жардам болот.

--Атамбаев 6 жылдын кыргыз элине эмне кылып берди деп ойлойсуз?

--Кыргыз элине сызга олтургузуп, мамлекетти карызга батырып, акырында мамлекетүүлүктү жоюп койоюн дегенде, мөөнөтү бүтүп калды.  Эгерде дагы бир президенттик кызматта олтурганда мамлекетти түп тамыры менен чет өлкөгө сатып жиберүү коркунучунда турган экен. Бул жагынан Кудай кыргыз мамлекетин колдоптур. Элдин Кудайга үнү жетип, аткаминер-ачкөздөрдүн табийгат бетин ачты.  Дача-СУдагы жүктүн ээси ачыкка чыкпаса эл ким экенин билип, ТЭЦ тин айынан айрым атка минерлердин териси-тескери сыйрыла турган болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын келечеги ар бир Кыргызстандыктарга керек. Ар бирибиз үчүн мамлекет ыйык! Мамлекетти көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Андыктан азыркы президент Сооронбай Жээнбековду баарыбыз колдошубуз керек. Азырынча бул кишиден кыргыз элин, Кыргызстанды көтөрөт деген үмүттөбүз.  

--Рахмат

Биз менен маекте “Мээр жазы” коомдук бирикмесинин төрайымы Ыргалай Бекмуратова болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости